Норвег тили
Көрүнүш
Норвег тили – норвегдердин тили. Норвегиянын расмий тили. АКШга, Канадага да тараган. Герман тилдеринин скандинав тобуна кирет. Диалектилери көп. Азыркы норвег адабий тилинин эки формасы бар: риксмол (же букмол) жаналансмол (же жаңы норвег) тили. Лансмолго караганда риксмол көбүрөөк пайдаланылат. Эң байыркы кол жазма эстеликтери 12-кылымдын 2-жарымына таандык.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7