Грек-Бактрия падышалыгы
Грек-Бактрия падышалыгы – Орто Азияда биздин заманга чейинки 3–2-кылымда өкүм сүргөн кул ээлөөчүлүк мамлекет. Адегенде анын курамына Бактрия, Согд, Маргиана жана Фергананын кээ бир бөлүктөрү кирген. Биздин заманга чейинки 250-жылы Селевкилер мамлекетинен Орто Азия аймагы бөлүнө баштаган.
Грек-Батрия падышалыгын Бактриянын падышасы Диодот негиздеген. Грек-Бактрия падышалыгынын бийлик ээлери өз көз карандысыздыгы үчүн селевкилер менен катуу салгылашкан. Евтидемдин жана анын баласы Деметрийдин бийлигинде Грек-Бактрия падышалыгы зор кудуретке жетип, биздин заманга чейинки 2–кылымда анын курамына азыркылардын Ооганстандын түндүк-чыгышы жана Пакистандын түндүк-батышы кирет.
Биздин заманга чейинки 195-жылы Грек-Бактрия падышалыгы экиге бөлүнөт: Грек-Бактрия жана Грек-Индия. Кыргызстандын аймагы Грек-Бактрия падышалыгынын курамында болот. Орто Азия элдеринин улуттук боштондук кыймылы күчөп, ошол эле мезгилде Грек-Бактрия падышалыгына түндүк-чыгыштан юэчжи көчмөн уруулары басып киришет. Биздин заманга чейинки 140–130-жылдары Грек-Бактрия падышалыгы кулап, анын ордуна Кушан падышачылыгы пайда болот.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
- “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
- “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
- “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
- “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
Интернеттик шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]...