Бастилия
Көрүнүш

Бастилия - 1370-82-ж. Парижде курулган чеп. 15-кылымдан баштап ал чеп гана эмес, мамлекеттик түрмөнүн да милдетин аткарган. 16-кылымдын аягынан тартып көбүнчө саясий күнөөкөрлөр отургузулган. Вольтер анда 2 жолу камалган. Француз революциясынын жүрүшүндө абсолютизмдин символу болгон Бастилияны көтөрүлүшчүлөр басып алган (1789-ж. 14-июль) жана чеп бир жылдан кийин бузулган. Бул француз революциясынын башталышы болгон. Бастилияны алган күн 14-июль Франциянын улуттук майрамы катары 1880-жылдан белгиленет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4