Мазмунга өтүү

Амман

Отурукташкан жай
Амман
Желек
Желек
Өлкө Иордания
Координаттар 31°57′00″ с. ш. 35°55′00″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 27 дистрикт
Мэр Акель Бильтаджи
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген XIII к. б. з. ч.
Мурунку аталышы Раббат-Аммон, Филадельфия
Аянты 1680 км²
Климатынын түрү тропиктик
Убакыт аралыгы UTC+2
Калкы
Калкы 1 349 260 адам (2013)
Жыштыгы 803.1 адам/км²
Агломерация 2 528 500
Улуттук курамы арабдар ж. б.
Диний курамы мусулмандар ж. б.
Этнохороним аммандык, аммандыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +962(6)
Почта индекстери 11110-17198
Расмий сайты http://www.ammancity.gov.jo/  (ар.)

Амман (ар. عمان‎) — Иорданиянын борбору жана эң ири шаары. Байыркы убакта Раббат-Аммон, эллада-рим доорунда Филадельфия деген ат менен белгилүү. VII—IX кылымдарда Араб халифатынын курамында, 1516-жылдан тарта Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Осмон империясынын курамында болгон.

Амман губернаторлугунун административдик борбору. Зерка дарыясынын боюнда, өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2003). Жолдор тоому. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. Нефть ажыратуу, тамак-аш, тамеки, текстиль, цемент ж. б. өнөр-жайлары иштейт. Университет, археологиялык. жана ислам музейлери бар. 1921-ж. Трансиордания эмирлигинин, 1946-жылдан көзкарандысыз Иорданиянын борбору. Байыркы Рим жана араб курулмаларынын урандылары сакталган.