.nz
.nz | |
Ишке кириши | |
---|---|
Тип | |
Макамы |
иш үстүндө |
Каттоочу уюм |
NZRS Limited |
Уюштуруучу | |
Максаты |
Жаңы Зеландия менен байланышкан объектер |
Колдонулушу |
Жаңы Зеландияда колдонулат |
Каттоодо болгон жолтоолор |
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер | |
Талаш-тартыштарды чечүү |
Талаштарды чечүү талаптары (англ.) |
DNSSEC |
бар |
Сайт |
dnc.org.nz (англ.) |
.nz (англис. New Zealand ) — Жаңы Зеландия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Домендик аймакта, 18 жашка толгон жеке жактар, юридикалык жактар, Жаңы Зеландиянын резиденттери жана резидент эместери экинчи же үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштарды каттаса болот - .nz, .ac.nz, .co.nz, .cri.nz, .gen.nz, .geek.nz, .govt.nz, . Health.nz, .iwi.nz, .kiwi.nz, .maori.nz, .māori.nz, .mil.nz, .net.nz, .org.nz, .parlament.nz, .school.nz.
Домен Domain Name Commission (DNC) тарабынан башкарылат.
.nz домендик аймагындагы аталыштарды каттоо расмий түрдө көптөгөн каттоочуулар тарабынан ишке ашырылат[1].
2014-жылдын март айына карата .nz аймагында 549 781 домен катталган[2].
.nz улуттук жогорку деңгээлдеги домен, Жаңы Зеландиянын мамлекеттик аймагынын Alpha2 геокоддунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн ISO 3166 стандарттары катары колдонулат — (ISO 3166-1, ISO 3166-2, ISO 3166-2:NZ)[3].
Домендерди каттоодо болгон талаптар
[түзөтүү | булагын түзөтүү].nz домендик аймагында катталган домендер, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендер, каттоочу тарабынан коюлган талаптарга жооп бериши керек[4][5].
- Сепараторлор менен бөлүнгөн домендик аталыштардын узундугу, биринчи жана экинчи деңгээлдеги - nz, .ac.nz, .co.nz, .cri.nz, .gen.nz, .geek.nz, .govt.nz, .health.nz, .iwi.nz, .kiwi.nz, .maori.nz, .māori.nz, .mil.nz, .net.nz, .org.nz, .parliament.nz, .school.nz домендерин эсепке албаганда — 63 белгиден (символдон) ашпоого тийиш.
- Домендик аталыштын толук узундугу — 253 белгиден (символдон) ашпоого тийиш.
- Домендик аталыш латын алфавитинин тамгаларынан (a-z), сандардан (0-9) жана дефистен (—) турушу мүмкүн.
- Домендин аталышы атайын (ā, ē, ī, ō, ū) белгилерин камтышы мүмкүн.
- Домендин аталышы сызыкчалардан (—, -) башталбоого же аяктоого тийиш.
- Домендик аталыш биринин артына бири турган эки дефистен турбоого тийиш (— —).
- Домендик аталыш кайталанган уда турган (xn--) билгилерден турбоого тийиш.
Биринчи деңгээлдеги домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү].nz домен аймагынын биринчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары жана жөнгө салынуучу колдонуучулар.
Lомен | Жөнгө салынган колдонуучулар |
---|---|
.nz | Биринчи деңгээлдеги негизги домен |
Экинчи деңгээлдеги домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү].nz домен аймагынын экинчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары, жөнгө салынуучу колдонуучулар, домен категориялары[6].
Домен | Жөнгө салынган колдонуучулар |
---|---|
.ac.nz | Жогорку окуу жайлары жана тийиштуу уюмдар үчүн. |
.co.nz | Коммерциялык уюмдар, фирмалар үчүн. |
.cri.nz | Мамлекеттик илим-изилдее институттары үчүн. |
.gen.nz | Башка домендердин критерийлерине жооп бербеген жеке адамдар, уюмдар үчүн. |
geek.nz | Өзүн компьютер жана компьютердик технологиялар менен байланыштырган адамдар үчүн. |
.govt.nz | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик, республикалык, аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн. |
Health.nz | Катталган медициналык адистер, саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн. |
iwi.nz | Коомдук бирикмелердин, уруулардын жетекчилеринин уруксаты менен иш алып барган маори элинин топтору, маорилердин коомдук-саясий бирдиктери (Хапу) коомдук бирикмелери (иви) үчүн. |
kiwi.nz | Киви концепциясы менен өздөрүн байланыштырган адамдар жана уюмдар үчүн. |
www.maori.nz www.māori.nz |
Маори элинин жеке адамдары, топтору жана уюмдары үчүн гана. |
.mil.nz | Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү, аскердик уюмдары үчүн. |
.net.nz | Уюмдар, Интернет-провайдерлер, провайдерлер жана .nz домендик аймагына түздөн-түз байланышы бар башка кызматтар үчүн. |
.org.nz | Коммерциялык эмес уюмдар үчүн. |
parlament.nz | Жаңы Зеландиянын мыйзам чыгаруу органы (Жаңы Зеландиянын парламенти) жана мыйзам чыгаруучу, парламенттик системанын бир бөлүгү болгон жеке адамдар үчүн. |
.school.nz | Башталгыч, орто, мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана аларга тиешелүү уюмдар үчүн. |
Дагы башка шарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2010-жылга чейин домендик аталыштарда латын тамгаларына гана уруксат берилген, 2010-жылдын 7-июлунан тартып маори тилиндеги үндүү тыбыштардын фонетикалык айтылышына ылайык кошумча символдор колдонулушу мүмкүн деген чечимге келишкен, азыркы учурда колдонула турган символдор ā, ē, ī, ō жана ū[7].
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ISO 3166-1
- ISO 3166-2
- ISO 3166-2:NZ
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ .nz домендин аймагындагы расмий каттоочулар
- ↑ 1994-2013 жж. статистикасы
- ↑ Жаңы Зеландия, ISO версиясы боюнча административдик-аймактык бөлүнүү ISO 3166-2:NZ.
- ↑ Доменди колдонуунун шарттары
- ↑ Домендик аталышка болгон талаптар
- ↑ Колдонуу шарттары, талаптар, жөнгө салынган колдонуучулар, домен категориялары
- ↑ Маори фонетикасына ылайык кошумча белгилерди колдонуу