.ag
.ag | |
Ишке кириши |
1991-жылы |
---|---|
Тип | |
Макамы |
колдонууда |
Каттоочу уюм |
NicAg |
Уюштуруучу |
жок |
Максаты |
Антигуа жана Барбуда менен байланышкан объекттер |
Колдонулушу |
.ag домени акционердик коом деген сөздөрдүн кыскартмасына окшош болгондуктан кеңири колдонулган. Бирок, сот чечиминин негизинде .ag домендик аталышын Германияда колдонуу чектелген. |
Каттоодо болгон жолтоолор |
жок |
Түзүмү |
экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер |
Каттоо шарттары (англ.) |
Талаш-тартыштарды чечүү | |
DNSSEC |
бар |
Сайт | |
Whois-сервер |
whois.nic.ag |
.ag — Антигуа жана Барбуда үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
Экинчи же үчүнчү деңгээлдеги домендик аталышты каттоо жеке жана юридикалык жактар, Антигуа жана Барбуда резиденттери жана резидент эместери үчүн келтирилген домендик аймактарда жеткиликтүү: .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org.ag, .edu.ag, .gov. ag.
Бул домендик аталыш Антигуа жана Барбуданы мамлекет катары көрсөтө алат. Германия, Австрия, Швейцариядагы айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын, тоо-кен казып алуу, жана кайра иштетүү ж.б. уюмдардын менчиктик түрлөрүн көрсөтүү үчүн колдонулат (Ag — күмүштүн химиялык белгиси болуп саналат).
Бул домендин экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги аталыштарын юридикалык жана жеке жактар каттоо мүмкүнчүлүгү ээ. Nic AG компаниясы тарабынан башкарылат[1].
Домендик аталыштар боюнча талаш-тартыштар келип чыкканда ICANN (Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) тарабынан кабыл алынган эрежелер менен жөнгө салынат[2].
AG — улуттук жогорку деңгээлдеги домен, Антигуа жана Барбуданын мамлекеттик аймагынын Alpha2 геокоддунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн ISO 3166 стандарттары катары колдонулат — (ISO 3166-1, ISO 3166-2, ISO 3166-2: AG)[3].
Талаптар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сепараторлор менен бөлүнгөн домендик аталыштардын узундугу, биринчи жана экинчи деңгээлдеги .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org .ag, .edu.ag, .gov.ag домендерин эсепке албаганда — 63 белгиден ашпоого тийиш.
- Домендик аталыштын толук узундугу — 255 белгиден ашпоого тийиш.
- Домендик аталыш латын алфавитинин тамгаларынан (a-z), сандардан (0-9) жана сызыкчалардан (—, -) турушу мүмкүн.
- Домендин алышы сызыкчалардан (—, -) башталбоого тийиш.
- Домендик аталыш биринин артына бири турган эки сызыкчадан турбоого кийиш (- -, — -, - —, — —).
- Домендик аталыш атайын кызматтардын (милиция, өрт өчүрүү кызматы, тез жардам ж.б.) телефон номерлерине жана аталышына айкалыш болбоого тийиш.
- Домендик аталыш азыркы учурда колдонулуп жаткан же келечекте бериле турчу паспорттордун ID номерлерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерлерин, социалдык камсыздандыруу номерлерин ж.б. айкалыштарды камтыбоого тийиш.
- Домендин аталышы бир сандан же бир тамгадан турбоого тийиш[4].
Резервдеги аталыштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2007-жылдын 28-майына карата резервге коюлган домендик аталыштардын тизмеси:
- жогорку деңгээлдеги улуттук домендерге дал келген — 245 аталыш;
- тестирлөө жана изилдөөлөр менен байланышкан — 4 аталыш;
- экинчи деңгээлдеги домендер — 5 аталыш;
- субдомендер — 2 аталыш;
- дүйнөнүн бөлүктөрүн, географиялык аталыштарды ж.б. белгилөөчү бир тамгадан же бир сандан турган — 326 аталыш;
- Кандайдыр бир аталыштар же мамлекеттердин аттары менен дал келген — 295 аталыш[5].
Экинчи деңгээлдеги домендер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Домен | Жөнгө салынган колдонуучулар |
---|---|
.co.ag | коммерциялык уюмдар үчүн |
.com.ag | Коммерциялык уюмдар үчүн |
.nom.ag | |
.net.ag | интернет-провайдерлер, хостинг, сайттарды, колдонмолорду иштеп чыгуучулар, провайдерлер үчүн |
.org.ag | коммерциялык эмес уюмдар үчүн |
.edu.ag | Антигуа жана Барбудадагы билим берүү мекемелери үчүн гана |
.gov.ag | мамлекеттик органдар үчүн |
Башка шарттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Домендик аталыштарды каттоо баасы:
- үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн ― 50 АКШ доллары;
- экинчи деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн ― 75 АКШ доллары;
- үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуданын резидент эместери үчүн ― 100 АКШ доллары;
- экинчи деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуданын резидент эместери үчүн ―150 АКШ доллары;
- домендерге негизделген үчүнчү деңгээлдеги домендер (.org.ag, .edu.ag, .gov.ag) Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн акысыз[6].