Өлүү тилдер
Өлүү тилдер - сүйлөнбөй калган тилдер. Алар жазма эстеликтерде гана сакталып калган. Өлүү тилдер сүйлөнбөй калса да, кээде илим, маданият, дин муктаждыктары үчүн колдонулган учурлар бар. Мисалы, латын тили 4-кылымдан тартып Рим империясында сүйлөнгөн эмес, бирок орто кылымда (ал тургай 21-кылымда да) илимдин, диндин, маданияттын тили катары колдонулууда. Орто кылымга тиешелүү грек тили да ушундай. Анын жазма формасы (кафаревус) оозеки тилден (димотика) айырмаланып, Грекиянын расмий мамлекеттик тили катары гана милдет аткарат. Өлүү тилдердин булар сыяктуу жасалма сакталып калгандарынын тыбыштары салт боюнча айтылат (артикуляцияланат). Мисалы, Россияда латын сөздөрүн немис салты боюнча айтуу кабылданган. Айрым өлкөлөрдө өлүү тилдерди кайра жандандырууга жасалган аракеттер байкалат. Буга Авиньон (Франция) менен Ватиканда латынча жаны терминдердин чыгарылып жатышы мисал.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7