Кундуз

Кундуз (лат. Lutra lutra, Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Казакстан, Тажикстан. Кыргызстанда мурда Ысыккөл бассейнинин көлмөлөрүндө, Чаткалда, Нарында жана Алай өрөөнүндө жашачу. Азыркы учурда Кыргызстанда Алай өрөөнүндө, Кызылсуу дарыясынын түштүк-батыш бөлүгүндө кездешет. Чаткал жана Үзөңгүкууш дарыяларынын бассейндеринде сакталып калышы мүмкүн.
Жашаган аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Балыкка бай, жайылмасы бадалдуу жана бак-дарактуу же аска тектеринин сыныктары бар дарыялардын жана көлдөрдүн жээктери.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы учурда бир нече жуптан көп эмес.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Изилденген эмес.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам тарабынан кырылуусу, балыктын санынын азайышы. Өстүрүү (колдо багуу). Белгисиз.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аңчылык жасоого тыюу салынган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алай өрөөнүндө ӨКЖА түзүү. Азыркы кездеги ареалын иликтөө үчүн Алай өрөөнүнүн территориясын изилдөө. Чаткал өрөөнүндө жана Сарыжаз дарыясынын бассейнинде болжолдуу жашоо аймактарын тактап изилдеп чыгуу.
Статус
[түзөтүү | булагын түзөтүү]III категория Critically Endangered, CR: R, C1. Кыргызстанда Lutra lutra seistanica Birula, 1912 түрчөсү жашайт. Борбордук Азиянын эки түрчөсүнүн бири.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2