Аппий жолу
Аппий жолу, Эски Аппий жолу - римдиктердин алгачкы таш жолу (жалпы узундугу 580 кмдей, туурасы 4-4,5 м). Цензор Аппий Клавдийдин тушунда биздин заманга чейинки 312-жылы курулуп башталган (аталышы ошондон келип чыккан). Римди Апеннин жарым аралын түштүгү менен байланыштырган маанилүү соода жана стратегиялык жол катары баалашып, римдиктер аны «бардык жолдордун падышасы» деп аташкан. Жол салууда жер терең казылып, кум, шагыл, топурак менен толтурулуп, жылмаланган гранит жана кум, таш менен жабылган. Жолго жакын рим патрицийлеринин виллалары курулуп, жолдун жээгинде күмбөздөр, алтарлар жана шаардыктардын көрүстөндөрү, анын ичинен Цециллия Метеллдин, Валерий Коттун мавзолейлери, ыйык Петр менен Иисус Христос кездешкен жеринде курулган базилика (Байыркы Римде сот жана соода имараты, кийинчерээк христиандык храм), Сан-Себастьяно чиркөөсүнөн алыс эмес жерде Хрпстостун изи калган таш, Максенций цирки (306-312), Сан-Каллисто, Сан-Себастьяно жана башка алгачкы христиан катакомбалары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1