Lisp (программалоо тили)
Көрүнүш
Lisp, Лисп (LISP, англ. LISt Processing language — «тизмедеги иштетүчү тилдер») — Жасалма интеллекттерде колдонулуучу жогорку деңгелдеги программалоо тили. Табигый тил түзүлүштөрүн иштетүү үчүн атайын иштелип чыккан тил. Текстерди иштетүүчү бирден бир алгачкы тил болуп азыркы учурга чейин автоматташтырылган долбоорлоо жана конструктоо системдеринде (мисалы, AutoCAD системинде) колдонулат. LISPте бардык тилдик түзүлүштөр, программалар жана берилиштер тизме же символдуу туюнтма түрүндө көрсөтүлөт. Акыркы версиясы CLIPS (C Language for Implementing Production Systems) деген ат менен белгилүү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы /Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов ж.б. – Б.: Мамлекеттик тил ж-а энциклопедия борбору, – 2004. 380 б. ISBN 9967-14-014-3