Стипендия
Көрүнүш
Стипендия – студенттерге, аспиранттарга же башка билим алуу процесcинде жүргөн адамдарга акча же башка ресурстар түрүндө берилүүчү финансылык колдоо каражаты. Стипендиялар билим алууну колдоп, билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле финансылык кыйынчылыктарды жеңүү үчүн берилет.
Ал мамлекеттик, муниципалдык же жеке адамдар тарабынан берилиши мүмкүн.
Түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик стипендиялар: Өкмөт тарабынан сунушталат жана адатта мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окуган студенттерге берилет.
- Жеке стипендиялар: Жеке ишкерлер, фонд же уюмдар тарабынан берилет. Мындай стипендиялар адатта белгилүү критерийлерге негизделет. Мисалы: академикалык жетишкендиктер, спорттук ийгиликтер же коомдук ишмердүүлүк.
- Магистратура жана аспирантура стипендиялары: Жогорку билим алууга арналган, адатта, конкреттүү изилдөө тармагына багытталган.
- Эл аралык стипендиялар: Чет өлкөнүн өкмөтү тарабынан же уюмдар тарабынан берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7