Ош — Кыргызстандын экинчи ири жана Орто Азиянын эң байыркы шаарларынын бири. Ош расмий эмес аталыштарда Кыргызстандын экинчи борбору жана деп аталат[5].
2021-жылы шаардын этностук аралаш калкынын саны 322,164 адам болгон[6], кыргыз, өзбек, украин, орус, корей жана башка чакан этносторду камтыйт. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандынчек арасынан 5 км алыстыкта жайгашкан. Ал белгилүү Ислам аалымы үчүн белгилүү.
Ош — калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандын шаары. 2012-жылдын үчтүн айынын (январь) бирине карата шаар калкынын саны 230 200 адамды түзгөн. Ош шаарына шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң жашоочусу менен шаар четиндеги 11 айыл-кыштак карайт. Ош шаарынын калкы саны шаар четтери менен 500 миң жашоочу деп бааланган.
Ош шаарында өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашашат. Ош шаарын 50% тургундары Ислам (сунний) динин карманат.
Шаар калкынын саны, миң. адам.
Жыл
1914
1939
1959
1970
1974
1979
1989
1991
1999
2009
2010
2011
2012
2015
2017
2018
Калк, миң жашоочу.
46
33
65
120
143
169
213
212
212
220
235
231
230
243
251
288
Ош шаарынын улуттук курамы (каратылган аймактардан тышкары)
Шаар Борбордук Азиядагы эң байыркы калктуу конуштардын бири. Ош шаары 8-кылымда Улуу жибек жолунун боюнда жибек өндүрүү борбору катары белгилүү болгон жана б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. өндүрүлгөн жибек атактуу соода жолу Алай тоолорунан өтүп Чыгыштагы Кашкарга жеткен.
8–10-кылымдары Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.
Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун». 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да
калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал-
181
губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926-
жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын
убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),,
Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык
эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр
байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак,
Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык
салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген. Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырым. Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.
Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографическийу свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6...