Охрид
Көрүнүш
Охрид – Македониядагы шаар. Охрид көлүнүн жээгинде жайгашкан. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Калкы 55 миң (2010). Аэропорту бар. Климаттык курорт. Улуттук музей, Самуил падышанын сепили (11-к.), көптөгөн монастырлар менен чиркөөлөр (анын ичинде Ыйык София; 9–14 жана 11–14-к.) ж. б. сакталган. Туризмдин борбору.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7