Мултан
Көрүнүш
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/35/Tomb_of_Shah_Rukn-e-Alam_View_Multan.jpg/220px-Tomb_of_Shah_Rukn-e-Alam_View_Multan.jpg)
Мултан – Пакистандагы шаар. Пенжабда, Чинаб дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,6 млн (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаарлардын бири. Маанилүү жолдор тоому. Пахтачылык өнүккөн аймактагы соода борбору. Пахта тазалоо, кебез-кездеме, кыл торко токуу, текстиль, Химиялык(жер семирткичтер даярдалат), айнек, тамак-аш өнөр жайы ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (сариге кооздоп сайма саюу, килем токуу, кебез-кездемелерге шуру бастыруу жана башкалар) өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7