Көрүстөн
Көрүнүш
Көрүстөн, бейит, кабырстан, мазар, мүрзө[1][2] — маркумдун сөөгүн коюу үчүн бөлүнгөн атайын жай. Көрүстөндүн тиби жана аны сактоо тартиби тигил же бул элдин, диндин, сектанын, социалдык топтун ж. б. сөөк коюу ырым-жырымдарына байланыштуу болот. Кыргыздарда Көрүстөн айылдан обочо же дөбөчө жерде, ал эми шаарда атайын бөлүнгөн жайда болот. Айрым мүрзөлөргө эстелик тургузулгандыктан, Көрүстөн улуттук-тарыхый мүнөзгө ээ.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9