Ийбараттуу үлгү-насыят
Көрүнүш
Ийбараттуу үлгү-насыят.
Ийбараттуу үлгү насыят- адабияттагы дидактикалык-аллегориялык жанр. Эки мааниде колдонулат.
- 1. Каймана мааниде – акыл-насаат айтуу үчүн жазылган чакан аңгемелер. Алар тамсилге жакын, бирок тамсилдегидей салттык каармандары (эшек – жоош, момун кызматчы, түлкү – куу, карышкыр – ачкөз, жегич жана башка) жомоктор. Ийбарат үлгү-насыяттарда көбүнчө атайын белгилүү бир мүнөз түзүлбөйт, болуп өткөн окуянын конкреттүү орду жана мезгили белгисиз, окуя да өнүгүү менен көрсөтүлбөйт, темасы узак сүрөттөлбөйт, жөн гана адептик-ыймандык маселелер баяндалат. Диний, ошондой эле адеп-ахлактык аңгеме катары ийбарат үлгү-насыяттары Чыгыш адабиятына, анын ичинде кыргыз адабиятына таралган.
- 2. 19-кылымдан Ийбарат үлгү-насыяттары жаңы мааниде колдонула баштады. Жазуучулар инсандык маселелелер жана коомдук жүрүш-туруш боюнча түздөн-түз насаат айтууга өттү. Мисалы, Л. Н. Толстой “Данек” аңгемесинде балдарды эмгекти сүйүүгө, ак ниеттүүлүккө чакырат. Мындай чыгармаларда окуя ошол чыгармадагы негизги нерседен алыстап кеткендей көрүнүшү мүмкүн, бирок натыйжада ошол алыстап кеткен нерселер адептүүлүк маселелерин баяндап, чыгарманын жалпы өзөгү менен биригет.
- 3. Мисалы, Ч. Айтматовдун “Ак кеме” повестинде Мүйүздүү Бугу-эне тууралуу ийбарат үлгү-насыяттары бар, ал бизди жана повесттин каармандарын ак ниеттүүлүк жана кара өзгөйлүк жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Кыргыз адабиятында М. Гапаровдун, А. Стамовдун прозалык чыгармаларында, Б. Жакиевдин “Саадак каты” драмасында үлгү-насыяттык белгилер орун алган. Экинчи маанисинде бул түшүнүктү тар алкакка кысып, өзүнчө бир тема же жанр катары түшүнүү керек эмес.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [Категория: Акын- жазуучулар]]